Валентина Шевченконун кийинки беттеши качан болору белгилүү болду

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун кийинки чемпиондук наамын коргоо беттеши ушул жылдын 10-август күнү болот. Мындай маалыматты ESPN каналынын журналисти Третт Окамото жазып чыкты.

Бул күнү Уругвайдын Монтевидео шаарында UFC ESPN+14 мелдеши өтөт. Бул мелдештин негизги беттеши Валентина Шевченко менен америкалык мушкер Лиз Кармуштун ортосунда болот. Кармуш менен Шевченко 2010-жылы ММА боюнча беттешип, анда америкалык жеңишке жетишкен.

Ошондой эле бул мелдеште дагы бир кыргыз мушкери Рафаель Физиев бразилиялык Алекс да Силва менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dalil
2019-06-20 13:21:31
Өч алганы шанс түзүлүптүр да Шевченкого. Ийгилик каалайбыз жана чемпиондук курун ишенимдүү коргойт деп ишенем.
+5
Bars88
2019-06-20 13:40:07
Ийгилик сага.Женгенинде биздин желекти коргондо кадимкидей толкунданабыз дуйно коруп таанып атат биздин мамлекетти
+4
nurka_85
2019-06-20 15:21:36
Ийгилик алтын кызга!!!
+3
dinamo7
2019-06-20 16:33:30
Муну дагы сулата тепсе экен

+3
nurbek11
2019-06-20 16:35:00
Ийгилик кыргыз спортчуларына женишке жетет деген ишеничтебиз.
+3
Kanybek121195
2019-06-20 18:57:36
Өтө эле тез өтүп жатпайбы бой? Бир аз дем алдырса кандай болот эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан