Музыкант Бари Алибасов комада жатканда маалымат тараткан уулуна мурас калтырбай турганын айтты

Ашказанын күйгүзүп, 10 күнгө жакын убакыт комада жаткан орусиялык музыкант Бари Алибасов уулуна мурас калтырбай турганын айтты. Буга Алибасов комада жаткан учурда уулу жергиликтүү басылмаларга атасы тууралуу маалымат таратканы себеп болгон.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, музыканттын уулу атасынын атактуулугунан пайдаланып каражат тапкысы келген.

"Менин атымды пайдаланып акча таба берсин. Мен ага деген бардык мурасымды кайра алам. Уулума деген мурасты балдар үйүнө, жаныбарлар багылган жайларга берем" деген ачуусу келген Алибасов.

Орусиялык музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Абалы оор болгондуктан Склифосовский атындагы медициналык борбордун жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2019-06-20 17:01:07
Ошондо баласы не деп акча тапкан экен
0
Nur777
2019-06-20 17:58:04
talant87,журналисттерге берген ар бир интервьюсуна гонорар(акчалай сыйлык) алып журду да..
0
admin_media
2019-06-20 17:45:04
al-abu-kinesz,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек! Эскертүү!
0
Skarlett-Skarlett
2019-06-21 10:51:11
Мээримсиз бала десе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан