Мушкер Барчынай Узгенбаева АКШда беттеш өткөрөт

Кыргыздын мушкер кызы Барчынай Узгенбаева эрежесиз уруш боюнча АКШда беттеш өткөрөт. Бул маалыматты спортчу SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал АКШнын Мичиган штатынын Саугейт шаарында 4-июлда өтө турчу WXC 79: Warrior Wednesday 4 турнирине катышат. Узгенбаеванын атаандашы - америкалык Кайли Катлер. Беттеш 57 килограммга чейинки салмак ченинде өтөт.

Узгенбаева буга чейин 5 беттеш өткөргөн. Анын 4үн жеңиш менен аяктаса, 1 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми Катлер болсо 6 жолу жеңишке жетишип, 6 жолу жеңилген. Аталган турнирдин беттештери UFC Fight Pass`те түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2019-06-21 10:43:25
3-июль болот да ээ ошондо? Ийгилик азамат кыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан