“Кара Куурай” ыкчам иш-чаранын негизинде ИИМдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Кыргызстандагы 469 гектар жерде өскөн 100 тоннага жакын жапайы кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта маалымдады. Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн 1000 кишиден турган 200 топ тартылган. Жалпы кара куурай өсүп кеткен жерлердин саны 2500 гектарга жеткен. Иш-чаранын жүрүшүндө баңгизаттарга байланыштуу 37 кылмыш иши козголгон. Андан тышкары башка кылмыш иштери боюнча 192 иштин бети ачылган. Ыкчам чара көрүү аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз айлануудан 4 тонна 800 килограммга жакын баңгизаты алынган. Азыркы күндө “Кара-Куурай” ыкчам иш-чара улантылууда.