Москвада дүкөндөн 190 телефонду уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, полицияга арыз менен уюлдук телефондорду саткан дүкөндүн администратору кайрылган. Анда ал Щукино районунда жайгашкан дүкөнгө белгисиз жаран кирип, жалпы суммасы 4,3 миллион рублды түзгөн телефондорду алып кеткенин билдирген.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Уурдалган бардык телефондор табылып, дүкөнгө кайтарылып берилген", - деп айтылат маалыматта.