"Менде бул жакта күлкүлүү нерсе бар. Көрүүнү каалайсыздарбы?". Украинанын президенти Володимир Зеленский журналисттерге иш бөлмөсүн көргөздү

Украинанын президенти Володимир Зеленский администрациясындагы иш бөлмөсүн журналисттерге көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары видео жарыялады.

ЖМК кызматкерлери менен сүйлөшүп жатып мыйзам боюнча иш бөлмөсүн көрсөтүүгө болобу же болбойбу ал тууралуу билбей турганын айтып, видеону андан ары уланткан.

"Менде бул жакта күлкүлүү нерсе бар. Көрүүнү каалайсыздарбы?" - деди ал журналисттерге.

Украина лидери журналисттерди чач-тарач бөлмөсүнө баштап барган. Ал бул нерсени көрүп таң калганын айткан. Ошондой эле Зеленский стилисттин кызматын колдонуудан баш тартарын, "үйдөн эле жуунууга болот" деп президенттин администрациясында эмне себептен душ орнотулганын түшүнбөгөнүн айткан.

Украинанын президенти Володимир Зеленский журналистерге иш-бөлмөсүн көргөздү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhaku2017
2019-06-20 19:17:43
Соке Зеленскийден үлгү алыш керек экен. Бирок андай болбойт го. Соке өзү калп сүйлөгөн жан экен.
+12
Maks_shop
2019-06-21 14:12:37
zhaku2017,сени эмне деп алдады ал?
0
Skarlett-Skarlett
2019-06-21 10:49:34
Элдин баласы ушундай болот.Биздикилер балээсине баш тартабы чулчундашып баары семиз.Арам тамакка семиришип.
+5
Azatbek.Svoboda.
2019-06-21 13:30:48
Айланайындар Владимир деп эле жазгылачы Володимир дебей туулганда Украинче Володимир болгондур,а бирок силерден башка эчким антип жазышпаса керек!
-1
PROS
2019-06-21 17:47:06
Azatbek.Svoboda.,сени Азатбек эмес Озодбек деп жазса боло береби, ошондо? Володимир украинче, Владимир орусча, Вольдемар немисче. Паспорттогу аты жазылат да.
0
Apyn8793
2019-06-21 19:21:51
Azatbek.Svoboda., туура. Бул чыккынчылкка жатат.
Сотко берсен утуп чыгасын.
-1
Apyn8793
2019-06-21 13:48:41
Владимир деп жазылат эгер Володимир деп жазылыш учун анда Украин алфавитинде жазышынар керек болот. Башка олколор оз алфавитинде жазат Владимирди жана Пётрду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан