
Москвада эч жерде иштебеген аял үйүнөн жалпы суммасы 3 миллион рублга жакын акчаны түзгөн зер буюмдарын уурдатып жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Түндүк Бутово районунда жайгашкан батирлердин биринде орун алган. Анда белгисиз адамдар үйдө эч ким жок учурда батирге кирип, тоноп кетишкен.
"Кылмышкерлер жабырлануучунун үйүнөн 22 миң рубль акча каражатын жана зер буюмдарын алып кетишкен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 3 миллион рублды түзгөн. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.