"Мени уурдап кетишти" деп жакындарын алдап койгон кыз Орусиядан табылды

Москва шаарынан бир нече айдан бери жакындары менен байланышпай калган кыз табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башында Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 53 жаштагы Таластын тургуну Ж.О. аттуу аял 18 жаштагы Т.Б. аттуу кызын табууга көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган. Ж.О. арызында кызы 2018-жылдын октябрь айында Орусияга иштегени кеткенин жана ушул жылдын март айынан бери байланышпай калганын айткан.

"11-июнда Ж.О. кыргыз диаспорасынын өкүлүнүн коштоосунда Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө келип, кызы тарабынан жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү көрсөткөн. Билдирүүдө кызы белгисиз жайда бирөөлөр күч менен кармап турганын айткан.

Бул факт боюнча ИИМдин өкүлчүлүгү Орусиянын аймактык Ички иштер бөлүмү менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада 17-июнда дайынсыз жоголгон Т.Б. Москва шаарынан табылды.

Т.Б. өзүнүн жазган түшүнүк катында Баткен облусунда туулган 19 жаштагы Орусиянын жараны менен чогуу жашап жаткандыгын, алардын баш кошуусуна ата-энелери каршы болгондуктан байланышпай койгондугун айтты. Мындан сырткары, туугандары кайра-кайра тынчын албашы үчүн "белгисиз адамдар күч менен кармап турушат" деп алдап койгонун жана апасы Москвага чейин издеп келет деп ойлобогонун кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, дайыны билингенден кийин кыз өз эрки менен Москва шаарында калган. Ал эми апасы 18-июнда Кыргыз өлкөсүнө сапар алды. ИИМдин өкүлчүлүгү тарабынан Т.Б.га түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, туугандары менен бат-баттан байланышып туруу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
LittleBarbie
2019-06-20 22:02:28
Ойлоп тапкан шылтоосун кара.!Ал создорду окуган эненин абалын ойлобогон кандай адамсын?.Эр качып кетчуудой болуп!Издеп келет деп ойлобогонуна олуп берейинби акылындын жеткени ошол болсо.19 жаштагы эмес андан чон эркектердин канчасы кыйратпай атат уй булоосун бага алышпай!Турмуштун муштары эми башталат суйушуп куйушуп журо бермек беленер?!Бактылуу бол эми ушунча шашып тийгенден кийин!Эртен эле бирди тороп ажырашып апандын алдына барып кыйнабай!
+21
Oreanda
2019-06-20 22:13:13
Байкуш эне, кредит алып анан келгендир кызын издегени. Боорум ооруду энени коруп, акылы тайкы кыз экен, бирок "Апан" бар бактылуу кыз экенсин.
+26
bond02
2019-06-20 22:26:27
Ай ай, баланы жашында кандай жакшы ой тилектер менен багып чонойтот, бой жеткенден кийин да кылганын карасан. Ата энени сыйлайлы туугандар!
+12
kazakov1991
2019-06-20 22:26:34
19 жаштагы куйоо баланын улуту кандай экен Эгер орус болсо вкусу олуп калган экен ошончо орустарда кыз турса
-8
Patirot
2019-06-20 22:34:32
kazakov1991,Куйосу баткен де туулган россия жараны деп туратко кыргыз эле болуш керек
+10
katerina.li
2019-06-20 23:07:04
Энесинин оюу он талаа болуп олду болуш керек,Москвага жетип кызын тапкыча. Сынтакпайм. Баарыбызда уул кызыбыз бар. Кудай сактай кор мындайдан.
+8
Nuri952311
2019-06-20 23:09:15
Байкуш апасын коруп ыйлагым келди ападан да ошол бала артык болуптурда апасын сыйлабаган эрин сыйлап кыйратабы ушул келесоо
+16
senchi
2019-06-20 23:40:50
Nuri952311,эң туура
+6
Krai
2019-06-21 01:32:47
Сен да балалуу болоорсуң ошондо билесиң ата эненин кадырын
+4
Snejana
2019-06-21 02:18:32
Соз жок. Мээн менен кара жерге кир. Энесинин жарым омурун алып койгону менен иши жок. Тогуз ай толготуп, тун уйкусунан кечип чонойткону бир тыйын болгон турбайбы. "Белгисиз адамдар куч менен кармап турушканын укканда, байкуш Эненин санаасы санга болунуп..., элестетип атам. Эхх турмушун менен куруп кал.
+9
aminali
2019-06-21 02:24:33
Жоголгондорду укканда оз эне эмес , эне болгон жалпы аялзатты кайгырат . Ал эми оз энесинин журогун элестеткиле ээээхххх , женил ойлуулука алдырды, терен ойлонбоду.
+2
elb_2121
2019-06-21 07:42:32
Энеде эмне айып тороп чонойтуп койгонуна рахматы ошол экенби тооба
+1
Gulzina1993
2019-06-21 11:26:02
ХХХХХХХХХХХ эне байкуш эмнени гана башынан откорбоду ойлонуп ушинтип да айтабы
+1
daniel87
2019-06-21 12:35:50
Ападан айланасынбы сен !жаш экенсин ээр табылат убакыт, ата эне табылбайт, окубайсынбы, иштебейсинби зынкыйып журсон бир жигит жолугат Ак жоолугуну салып ата энендин уйунон алып кетип бактылуу эне болосунго! ХХХХХХХ
0
Ruslan-bel-oruk
2019-06-21 16:58:02
Жиндиго бул кыз Байкуш ене кантип издебей койотле
+1
Skarlett-Skarlett
2019-06-21 19:13:32
Эне байкуш десе(((((
0
Pandora
2019-06-21 21:15:04
Куюп койгондой озуно окшош,кыздуу болууну кудайым буюрсун сага.
Суйсо да,куйсо да чындап энен куйот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан