Нидерландыда аскер базасына чагылган түшүп 14 кызматкер жабыркады

Нидерландыда аскер базасына чагылган түшүп, 14 кызматкер жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-июнда Оссендрехт шаарындагы аскер базасында орун алган.
"Окуя болгон учурда аскер базасында кызматкерлер аскердик даярдыктардан өтүп жаткан. Жабыркагандардын бири 18 жаштагы жигиттин абалы оор экени айтылууда. Калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, жакынкы ооруканаларга жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-06-21 00:35:21
Украинадагы самолёт боюнча туура эмес тергөө жүргөн окшойт кудай жазалаганына караганда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан