Байлыгы 714 миллион долларды түзгөн кытайлык актёр Чоу Юньфат айына 100 доллар коротот

Белгилүү кытайлык актёр, мультимиллионер Чоу Юньфат айына 100 доллар коротот. Калган 714 миллион долларды кайрымдуулукка жумшай турганын батыш маалымат булактары жазып чыкты.

64 жаштагы актёр тез тамактануучу жайлардан тамактанарын, коомдук транспортто жүрөрүн айткан. Ошондой эле ал 17 жыл бою Nokia телефонун колдонуп келген. Качан гана телефону иштебей калганда смартфон алганын кошумчалаган. Ал эми ыңгайлуу кийимдерди арзандатуу болуп жатканда аларын билдирген. Мисалы, актёрдун көйнөгү 14 доллар, бут кийими 2 долларды түзөт.

"Мен кийимди башкаларга көрүнүү үчүн кийбейм. Эгер кийим ыңгайлуу болсо ала берем. Менин максатым - жөнөкөй, бактылуу адам болуу. Жашоодогу эң татаал нерсе - көп акча табуу эмес, жакшы ой жүгүртүү. Акча меники эмес. Мен каражатты келечек үчүн сактайм", - деген ал.

Актёрдун байлыгы 714 миллион долларды түзөт. Чоу Юньфат менен жубайы Жасмин Тандын балдары жок болгондуктан болгон каражатын кайрымдуулукка жумшоону чечкен. Түгөйлөр бир нече жыл мурда кайрымдуулук уюмун негиздеп, муктаж адамдарга жардам берип келишет.

Чоу Юньфат "Анна жана падыша", "Жаркын келечек", "Жалданма киши өлтүргүч", "Ок өтпөс кечил", "Шанхай", "Конфуций" жана башка бир нече тасмадагы ролу аркылуу атактуулукка жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dalil
2019-06-21 10:04:12
Аскар Салымбеков, Райим миллион, Алмазбек Атамбаев сымал мультимиллионерлерибиз бир күн эрте менен ойгонуп, ушул актердой ой жүгүртүп калышса, өлкөбүз өнүгүп кетет беле деген ой жаралып калды. Албетте бул фантастика бирок биздин ушундай чириген байларыбыз өлкөгө пайдасы тийбей жатпайбы. Болбосо стадионго демөөрчү таппай канчадан бери салынбай жатат.
+30
asha302
2019-06-21 16:37:37
Dalil, Аскар Салымбеков колунан келгенин жасап жатат эми. Жалгыз дарак токой болбойт да
+7
mirkaa5182
2019-06-21 10:31:15
Азамат киши экенго
+17
Aikaaaa
2019-06-21 10:38:16
Мындан көп киши, керек болсо ырчы, чоорчу, актёр, Эшмат, Ташматтар үлгү алчудай экенбиз
+20
JaneEr
2019-06-21 11:14:47
Красавчик
+10
bond02
2019-06-21 11:51:53
Чыныгы эркек киши экен, айкол.
+13
janym_balam
2019-06-21 16:32:44
Король и Аннада татыктуу аткарган.
+2
NURSAPAR
2019-06-21 18:14:00
Азамат!!!!... Мен да ошентмекмин бул дүйнөнүн жыргалы акчада эмес.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан