Грузияда орусиялык депутат парламенттин төрагасынын креслосуна отуруп орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эл митингге чыкты

20-июнда Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде 10 миңге жакын адам парламенттин имаратынын алдына митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, митингдин катышуучулары өкмөттүн отставкасын талап кылышты. Полиция аларды жаш чыгаруучу газ, суу аткыч жана резина октору менен таркатууга аракет кылышты.

"Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Грузиянын парламентинин төрагасынын креслосунда отуруп, Парламенттер аралык Православ ассамблеясынын катышуучуларына кайрылганы аталган митингге себеп болду. Орусия менен жакындашууга каршы болгон грузиялык саясатчылар жана жарандар орусиялык депутаттын кайрылуусуна нааразы болушту", - деп жазышты басылмалар.

"10 миңге жакын митингчи полициянын курчоосун жарып өтүп, парламенттин төрагасынын жана башка расмий адамдардын отставкасын талап кылышты. Алардын айрымдары Евробиримдиктин желектери жана "Орусия - баскынчы" деген жазуулары бар плакаттар менен келишти. Полиция парламенттин имаратына кирүүгө жол берген, эртең мененкиге чейин көпчүлүк митингчилерди таратты", - деп айтылат маалыматтарда.

Грузиядагы митинг (20.06.2019)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-06-21 12:00:29
Ал жакта да чимкирик депуттар олтурат окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан