Футболчулардын трансфердик баасын эсептеген Transfermarkt порталы эң кымбат бир тууган футболчуларды аныктады. Алардын сап башында быйылкы жайдагы трансфердик терезенин башкы каармандары – бир тууган Азарлар ээледи.
Аталган порталдын тизмесиндеги алдыңкы бешилтик төмөндөгүдөй:
1. Эден Азар быйылкы жылы “Челсиден” мадриддик “Реалга” өтүп, баасы 100 миллион еврого бааланды. Анын иниси Торган Азар да быйыл команда алмаштырды. Ал “Боруссия” Менхенгладбахтан дортмунддук “Боруссияга” 25,5 миллион еврогө өттү. Жыйынтыгында Азарлардын жалпы баасы 125,5 миллион еврого бааланды.
2. Тизменин экинчи орунун бир тууган Погбалар ээледи. Поль Погба кезинде “Манчестер Юнайтедге” 105 миллион еврого өткөн. Ал эми жылдызы анчейин жана элек Флорентен Погба 500 миң еврого бааланат.
3. Франциялык бир тууган коргоочулар Люка жана Тео Эрнандестер жалпы 104 миллион еврого бааланат. Быйыл “Атлетикону” “Баварияга” алмаштырган Люка 80 миллион евро, Тео 24 миллион евро турат.
4. Чабуулчу Гонсало Игуаин 2016-жылы “Ювентуска” 90 миллион еврого өткөн, инисинин көлөкөсүндө калган агасы Федерико Игуаин 1,3 миллион евро турат.
5. Тизмеде дагы бир бельгиялык бир туугандар бар. Чабуулчу Ромелу Лукакуну кезинде “Манчестер Юнайтед” 84,7 миллион еврого сатып алган. Анын бир тууган иниси Жордан Лукаку учурда италиялык “Лационун” коргоочусу. Баасы 4 миллион еврону чапчыйт.