Тамашалуу ролик тартуу үчүн унаа менен Ысык-Көлгө киргендер коомчулук тарабынан кескин сынга кабылды

Социалдык тармактарда Ысык-Көлгө унаа менен кирип тартылган тамашалуу ролик тараган. Анда 2 бала унаасы менен сууга кирип кеткенин көрүүгө болот.

Аталган ролик тарагандан кийин көпчүлүк интернет колдонуучулар сын көз караштагы билдирүүлөрдү калтырышкан. Алар "Колдо бар алтындын баркы жок". Жергиликтүүлөр Кыргыз жергесинин керемети болгон көлгө ушундай мамиле кылса, башкалар эмне кылмак эле" деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырышкан.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов окуя болгонун тастыктап, буларга токтолду:

"Топ балдар тамашалуу роликти жаратуу үчүн көлгө унаасы менен кирип кеткен. Каракол ШИИБи тарабынан айдоочунун аты-жөнү такталып, Каракол шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Белгилүү болгондой, ал 19-июнь күнү саат 17:00дөр чамасында достору менен көлгө барып, ошол жерден видеосъемка кылган", - деп билдирди ал.

Унаанын айдоочусунун бул кылыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короого токтотулду. Юридикалык баа берүү үчүн бардык материалдар Каракол шаардык милициясына өткөрүлүп берилген.

Тамаша тартабыз деп Ысык-Көлгө унаа менен кирип кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2019-06-21 11:39:36
Жол начар болуп Колдун ичи менен айдай башташкан турбайбы
-3
bond02
2019-06-21 11:49:00
Абанын температурасы которулуп машиналар да сууга сузгусу келип калган го дейм.
-4
mirkaa5182
2019-06-21 12:26:50
А бейкылыктар, кылбаганыңар ошол эле калды эле.
+3
Azkoni
2019-06-21 16:55:46
Биз Уй булообуз менен Ысык-Колду бир корууго зар болуп журсок,мына бокмурундардын жоругун кара!Башкача жол менен деле тушундурсо болот эле койгойун.
+4
Dembele84
2019-06-21 20:08:07
Ролигинер менен кара жерге киргирлер!!!
+2
nurka_85
2019-06-22 09:38:19
Обу жоктор...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан