Валентина Шевченко: "UFC Бишкекте мелдеш уюштурат деп ишенем"

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко аталган уюм Кыргыз өлкөсүндө уюштурган турнирде беттешкиси келерин айтты.

"Кыргыз өлкөсүндө эрежесиз уруш спортунун күйөрмандары көп. Бизде эрежесиз урушка окшогон улуттук спорт - кулатуу бар. Бул спорттун ар бир мелдештерине 400дөн 700гө чейин катышуучулар катышат. UFC Бишкекте өз турнирин уюштурса абдан жакшы болмок. Анда бул менин кыялымдагы беттеш болот. Ошол күнү менин беттешимди көрүү үчүн бүтүндөй өлкө борбор калаага чогулмак. Келечекте ушундай мүмкүнчүлүк алабыз деп ишенем", - деп билдирген Шевченко.

UFC расмий түрдө Шевченконун кийинки беттеши 10-августта Уругвайдын Монтевидео шаарында Лиз Кармуш менен болорун жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2019-06-21 11:27:40
Ийгилик биздин Сары кызга!!!
+7
dinamo7
2019-06-21 15:27:50
мыкты
+2
Chungyz
2019-06-21 18:57:28
Жакшы айтканын орундалсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан