Кара-Балта шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын окуясы. Интернетке шымы канга булганган эркек кишинин сүрөтү жарыяланды

Социалдык тармактарда бет кап жана көз айнек тагынып, кийип келе жаткан шымы кан болгон эркек кишинин сүрөтү жарыяланды. Сүрөт 19-июнь күнү саат 19:12де тартылганын көрүүгө болот. Ал эми милицияга эне-баланын өлүмү боюнча кабар аталган күнү саат 17:56да келип түшкөн. Бул сүрөт Кара-Балта шаарындагы "Южный" дачасындагы камералардын бирине түшүп калган.

Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы учурда эне-баланын өлүмүнө шектүү катары эч ким кармала электигин айтты. Ошондой эле интернетке тарап жаткан сүрөт боюнча да эч кандай маалымат жок экенин кошумчалады.

Окуянын-чоо жайы:

19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жолдошу менен кайненесин бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn2017
2019-06-21 15:09:41
Ошол маркум Эне менен Баланын аялын жакшылап сураш керек.
+1
Kroxa
2019-06-22 06:35:12
Точно эле келини кылгандай гоо...даярданып бет кап кийгизип
жакшылап сураш керек келин жакты..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан