Орусияда 19 жаштагы кыз аны зордуктамакчы болгон жаранды сабап салган. Ал эми жаракат алган жаран кыздын үстүнөн арыз жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда 19 жаштагы кыз бул иши үчүн 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Окуя 2018-жылдын 24-июнь күнү түнкү саат 00:30 чамасында Туапсе шаарында болгон. Анда Москвадан 19 жаштагы Дарья Агений аттуу кыз мектеп окуучуларын жайкы лагерге аталган шаарга коштоп келген.
Окуя болгон күнү ал түнкү саат 00:30да ичкенге суу алып келүү үчүн дүкөнгө чыккан. Дүкөндөн кайтып келе жатканда артынан кимдир-бирөө ээрчип келе жатканын байкаган.
"Артымды карасам мас абалында эркек адам келе жатыптыр. Анан ал мени үйүмө чейин узатып коёюн деди. Мен макул болгон жокмун. Бирок ал айтканымды укпастан артымдан ээрчип келе берди. Үйгө жетейин деп калганда колумдан кайрып, жаныбыздагы үйдүн дубалына такап, зордуктамакчы болду. Ошол кезде сумкамдан бычакты алып чыкканымды билем, калганы эсимде жок. Бир кезде эсиме келсем баштыгым чачылып, жерде отурган экенмин. Анан баягы адамды издедим. Себеби менин бычагым кан болуп калган экен. Ошол күндүн эртеси эле Москвага кетип калдым. Андан кийин 1-август күнү полиция келип, мени адамдын ден соолугуна оор залал келтирген деп айыпташты", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.
Тергөөнүн жүрүшүндө Дарья арыз жазган адам менен жолугушкан. Ал ошол күнү кызды зордуктайм деген ою болбогонун, кызга Сергей Есениндин ырын окуп берүүнү каалаганын айткан.
Ал эми айыпталуучу Дарья Агений интернетте "мен өзүм күнөөлүү эмесмин" аттуу флэшмоб уюштурууда. Социалдык тармакта бул окуя кызуу талкууга алынып, кыздын эч кандай күнөөсү жок экени айтылып, анын акталуусун талап кылышууда.