Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүп жаткан дзюдо, жиу-житсу, күрөш боюнча улуттук курама команданын спортчулары менен жолукту. Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, учурда спортчулар Дүйнө чемпиондуктарына даярданышууда.
"Жакынкы убакыттарда Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо ойнотулган мелдештер орун алат. Ал мелдештерге даярдануу үчүн спортчуларга керектүү шарттарды түзгөнгө аракет кылуудабыз. Силерге чоң ишеним артылып жатат. Биз Пекиндеги Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчтөрүнөн ашып түшүшүбүз керек", - деп билдирген Канат Аманкулов спортчулар менен жолугушууда.
Пекин-2008 Олимпиадасында 3 балбан медалга илинген. Канат Бегалиев күмүш медаль алса, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло байгеге ээ болушкан.