Ысык-Көлдө айылдык кеңештин депутатына ок атуу болду
2-августта саат 22:30 чамасында Ысык-Көл
облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жергиликтүү кеӊештин депутатына
ок атуу болду. Бул тууралуу облустук ИИБинин басма сөз катчысы Сталбек
Усубакунов билдирди. Айтымында, ок депутаттын мурдуна тийген. Ал учурда
Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылып, абалы жакшы. Маалыматка ылайык,
депутат Чынаркүл Молдошева КСДП партиясынан болгон. "Ок атуу кимдер тарабынан
болгондугу азырынча белгисиз. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө
жүрүүдө",- дейт басма сөз катчы.