Грузиянын парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе отставкага кетти. Бул тууралуу "Грузиянын кыялы" партиясынын башкы катчысы Каха Каладзеге таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кабыл алынган чечим - эл алдындагы жоопкерчилик", - деди Каладзе.
Бул жумада өлкөнүн борбор калаасы Тбилисиде Парламенттер аралык православ ассамблеясы өткөн. Анда бул ассамблеянын президенти Сергей Гаврилов баштаган Орусиядан келген делегация катышкан. Гаврилов парламенттин төрагасынын креслосунда отуруп сессияны баштаганына нааразы болуп, 10 миңге жакын адам Тбилисиде митингге чыккан. Алар парламенттин төрагасын жана өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги митингчилерди "радикалдар" деп атап аракеттерин сынга алышты.