Футболчу Фернандо Торрес карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады

Футбол боюнча Испания курама командасынын мурдагы оюнчусу Фернандо Торрес карьерасын жыйынтыктады. Мындай чечимин ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.

"Салам достор, менде баарыңар үчүн айта турган кебим бар. 18 жыл футбол дүйнөсүндө жашагандан кийин карьерамды жыйынтыктоону чечтим. 23-июнь күнү Токиодо маалымат жыйынын өткөрүп, ал жактан эмнеге мындай чечимге келгенимди кененирээк айтып берем", - деп жазган Торрес.

Фернандо Торрес "Атлетико Мадрид", "Ливерпуль" "Челси" клубдарынын оюнчусу катары белгилүү. Аталган клубдардын курамында Чемпиондор Лигасын, Европа Лигасын жана Англия Кубогун жеңип алган. Ал эми Испания курама командасынын катарында 2 жолу Европа жана 1 жолу Дүйнө Чемпиондугун жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2019-06-21 21:58:40
Дафай дацфыдания дептир да
-4
Eka.kg
2019-06-21 22:11:44
Токио менен КРдын саат айырмачылыгы 8-9 саатбы? Же алар бизден 2 күн алдыдабы? :)
-1
Бекболот Сарыбаев
2019-06-21 23:08:30
Eka.kg, 2 күн алдыда, тактап айтканда 23-июнда
маалымат жыйынын өткөрөт.
-2
dmd
2019-06-22 09:02:26
Эрте кеттиң, Эль-Ниньо.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан