
Орусияда 47 жаштагы жаранды сабап өлтүрүүгө шектелип 4 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 17-июнда Ростов облусундагы Азов шаарында орун алган. Анда пикир келишпестиктен улам чыккан урушта 4 өспүрүм жаранды катуу ур-токмокко алган.
"Оор жаракаттардан улам 47 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза болгон. Кылмышка шектүү катары 15 жаштан 17 жашка чейинки 4 өспүрүм кармалды. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.