Дональд Трамп Иранга чабуул жасоого буйрук берип кайра токтотуп калганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга чабуул жасоого буйрук берип кайра токтотуп калганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.

Маалыматка ылайык, АКШнын куралдуу күчтөрү бир учурда Ирандын 3 аймагына сокку урууга даяр болушкан. Бирок чабуулга 10 мүнөт калганда Трамп аны токтотуп калган.

"Чабуул жасоого мен буйрук бергем. Баары даяр болчу. Бирок генералдардын биринен сокку урулса 150дөй киши каза болорун угуп, токтотуп калдым. Мен шашпайм. Биздин армия азырынча дүйнөдөгү эң күчтүү армия", - деп жазган Трамп.

Мындан сырткары, ал Иранга карата санкциялар күчөтүлгөнүн жана аталган өлкөгө өзөктүк курал өндүрүүгө эч качан жол бербей тургандыгын кошумчалаган.

Белгилүү болгондой, кечээ 20-июнда Иран Ислам өлкөсүнүн куралдуу күчтөрү чек араны бузду деген шылтоо менен АКШнын чалгындоочу аппаратын атып түшүрүшкөн. АКШ тарап учуучу аппарат Ирандын чек арасына кирбегенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Chungyz
2019-06-21 23:28:06
Америка дагы кандай сасык ойлорун ишке ашырат
+6
Aidar.001
2019-06-21 23:37:48
Баланы нанга жиберип кайра кое берчи кереги жок дегендей эле айтыптыр го
+3
Tolkun555
2019-06-21 23:52:13
Жаман ушу Америка копту жооп берээр кун да келээр.
+10
1Adilet1
2019-06-21 23:54:53
Россия карап турмак беле. Нью-Йоркту бир удар менен эле сууга чөктүрөт
+4
daniel87
2019-06-22 16:47:54
1Adilet1,геополитиканы кичине окуп койунуз Иран менен Россия дос эмес! Америка Ирана согуш ачса Эмнеге Россия болушуш керек??? Нью-Йоркту бир удар менен чоктургонуно кулкум келди. Ишинизге ийгилик?
+2
Tursunbaev2017
2019-06-22 20:05:53
daniel87,америкос окшойсуң?
-1
forester
2019-06-23 00:51:45
1Adilet1, Иран менен Россиянын мамилеси солгундап кетти. Россияда Ирандын фирмаларынын биринде эмгектенет элем иш токтогонуга 1 жыл болойун деп калды. Учурда Россиядагы Ирандын фирмалары талкаланып жок болуп баратат.
-1
Ulik-real
2019-06-22 11:52:31
Ушул клоун менен Жириновский эко тойгоздуда
+1
daniel87
2019-06-22 16:29:15
Америка демакратия адам укуктарын сактанган, Америка эркиндиктин символу! Жашасын Америка!
-7
Tursunbaev2017
2019-06-22 20:10:18
daniel87,Америкада эч кандай демократия жок,адам укуктары сакталбайт башка өлкөлөрдөй эле,бир эки мисал Ассанжга,Сноудунга басымдар болуп атат,анан каяктагы демократия,каяктагы укуктарды айтып атасың,жомокторго ишенбе
0
Azatbek.Svoboda.
2019-06-22 17:17:04
Дуйнодо эн кучтуу Армия Кытай!
-6
Ali1510
2019-06-22 17:20:54
Эмнеси болсо да ислам олкосундо тынчтык болсун
+1
KG.Kushtarbek
2019-06-22 19:16:58
☪️ ☪️☪️☪️☪️☪️ иранга сокку кылса башка мусульман олколору карап турат елеби американы куралсыз еле талкалап чыгып кетет Мусульман олкосу
-1
nur_zhoni
2019-06-23 23:36:11
Эмне болсода путин бар болсун дуйнону кармап турат деседа болот, путин жок болсо америка ар бир мамилекетти басынтып салат эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан