3-август күнү саат 01:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. “Барскоон-Кумтөр” унаа жолунун 62-63-чакырымын сел суусу жууп кеткен. Буга байланыштуу “Кумтөргө” барчу жол жабылган. Мындан сырткары аталган унаа жолдун 66-69-70-чакырымдары бузулган. Учурда табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.