Жалал-Абаддын Ноокен районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 2 жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"20-июнь күнү Тоскоол-Ата токой чарбасынын Жерде-Айгыр жайлоосунда 2017-жылы туулган бала жоголуп кеткен. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпы 12 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылган. 21-июнь күнү саат 17:35те жоголгон бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилген. Абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.
ӨКМден бала эмне себептен дайынсыз болуп кеткени белгисиз экенин айтат. Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы бала ойноп жатып адашып кеткенин билдирди. Аны сайдагы дарактын түбүнөн нес абалында табышканын кошумчалады.