АКШда электрондук тамеки чеге коём деген жигит бир нече тишинен айрылып, жаагынан жаракат алды

АКШнын 17 жаштагы тургуну электрондук тамекини үй шартында чегип, жаракат алды. Чет элдик басылмалар электрондук тамеки жарылып кеткенин жазып чыгышты.

17 жаштагы Остин Адамс тамекини таштоо максатында вейп чегүүнү туура көргөн. Ал электрондук тамекини колдонуп баштаганда жарылып кеткен. Натыйжада Остин Адамстын бир нече тиши түшүп, жаагынан жаракат алган. Өспүрүмдүн апасы вейпти өзү алып бергенин айткан. Адистер электрондук сигареттин жарылуусуна анын кубаттагычынын өтө ысып кетиши себеп болушу мүмкүн деген.

Бул ишти жергиликтүү санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы колго аларын, электрондук тамекилерди өндүрүүчүлөр жаңы эрежелерди иштеп чыгарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Flowhive
2019-06-22 15:03:54
Ушу тамеки тарткандардын баарынын тиши түшүп калса экен
-5
toktor89
2019-06-22 18:02:42
Flowhive, тууганындын даа тиши тушсо сага не пливат экен да ээ
+1
Avrora2017
2019-06-23 00:24:34
toktor89,:)))))
0
Aikaaaa
2019-06-22 21:00:45
Ушу тамеки тарткан өнөрбү? Ден соолукка, чөнтөккө зыян. Зыяндан башка пайдасы жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан