Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Марк Филд банкетке келген активист айымды кекиртектен кармап кууп чыкты. Окуя Лондондогу мэрдин резиденциясында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, министрдин орун басары жанынан өтүп бара жаткан "Greenpeace" уюмунун кызматкерин кекиртектен кармап залдан түртүп чыгарган.
Бул окуядан кийин Марк Филд кечирим сураган. Министрдин орун басарына карата кызматтык иликтөө башталып, убактылуу кызматынан четтетилген.