Кытайда өтүп жаткан "World’s Got Talent" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан бийчи Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу финалга чыкты. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
"Тотем шоу" тобу финалга өтүп, 2019-жылдагы дүйнөнүн 8 мыкты артисттеринин катарына кошулдук. Аталган долбоорго 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Долбоордун жарым финалында АКШ, Венгрия, Монголия, Испания жана Ирландия өлкөлөрүнүн таланттары менен ат салыштык. Учурда финалга кызуу даярданып баштадык. Финал 2019-жылдын 11-июлунда Кытайдын Чанша шаарында болот", - деген ал.
Ошондой эле бийчи Атай Өмүрзаков бардык колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирген.