The New York Times: "Марста жашоонун белгилери табылды"

Марс планетасында жашоонун белгилери табылды. Бул тууралуу АКШнын The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, Марстын үстүндө жүрчү Curiosity аппараты планетанын атмосферасында көп өлчөмдө метанды тапты. Бул газдын табылганы Марста микроорганизмдердин бар болушу мүмкүн экенин билдирет.

"Окумуштуулар бул ачылышты 19-июнда жасашты. 24-июнда кошумча изилдөөлөр болот. Ал эми ачылыш тууралуу расмий айтыла элек.

Метан заттардын алмашуусунун аяккы продукту катары бактерияларды чыгарат. Бул бактериялар аба аз болгон жерлерде жашайт. Мисалы, жер алдында же жаныбарлардын ашказанында.

Буга чейин АКШнын Космосту изилдөө агенттиги жашоонун белгилери табылганын билдирген. Curiosity аппараты кургап калган көлдүн түбүндө органикалык кошулмалардын издери бар таштарды тапкан. Окумуштуулардын пикиринде, бул издер Марста 3 миллиард жыл мурун жашаган тирүү организмдердин сөөктөрү болушу мүмкүн", - деп жазды басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asdef
2019-06-23 14:42:55
Мага 100 ГА жер даярдап койгула алам Марстан)))
0
nursiyanur
2019-06-23 17:16:37
100га жер эмес,100га "Марс"десениз
+6
lightning57
2019-06-23 18:14:41
Сразу акылдуулар чыгып калат да коментте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан