Орусиянын Санкт-Петербург шаарында ит токойдон ташталган ымыркайды тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, учурда ымыркай шаардык ооруканада жатат. Дарыгерлердин айтымында, ымыркайларды таштоо жылына 2-3 жолу болуп турат.
"Ымыркай токойдо жаткан экен. Ит ээсин адам жок жерге улам-улам тартып жаткан. Ал жерден тирүү ымыркай табылды. Наристенин жарык дүйнөгө келгенине 3 саат болуптур. Ал ара төрөлгөн экен. Учурда полиция ымыркайдын энесин издөөдө", - деп айтылат маалыматта.