Путин Орусиянын учактарына Грузияга учууга тыюу салды. Аталган өлкөнүн президентинин жообу

Грузияда Орусияга каршы маанайдагы митингдерден улам Владимир Путин авиакомпанияларга бул өлкөгө учууга тыюу салды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Путин өкмөткө Орусиянын жарандарын мекенине кайтуусун камсыздоону тапшырды. Грузияда кырдаал турукташканда учуулар кайра уланары айтылды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили саясий чыр-чатактар Орусиядан келген туристтердин агымына таасирин тийгизбеши керектигин журналисттерге берген маегинде айтты. "Туристтер Грузияга келиш керек, анткени алар өлкөнү жакшы көрүшөт. Саясатчылар орун алган окуялардын негизинде жаткан көйгөйлөрдү чечиши зарыл", - деди Зурабишвили.

Бул жумада өлкөнүн борбор калаасы Тбилисиде Парламенттер аралык православ ассамблеясы өткөн. Анда бул ассамблеянын президенти Сергей Гаврилов баштаган Орусиядан келген делегация катышкан. Гаврилов парламенттин төрагасынын креслосунда отуруп сессияны баштаганына нааразы болуп, 10 миңге жакын адам Тбилисиде митингге чыккан. Алар парламенттин төрагасын жана ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Бул окуялардан улам Грузиянын парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе отставкага кеткен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги митингчилерди "радикалдар" деп атап аракеттерин сынга алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2019-06-23 16:59:37
Путин эч кимге жакпай баратат
+2
tular
2019-06-23 21:42:09
Туура да!!! Дастан Жумабековдун ордуна Россиядан бир орус келип отуруп алса Биз деле чыкмакбызда митингге!!!
+1
Apyn8793
2019-06-24 01:31:38
Эгер бизге келип, спикердин ордуна отуруп алса эч кимин эч нерсе демек эмессинер, кайра кулуп-жайнап узатып иймексинер. Элим-жерим деген уулдарынарды коргой албай атасынар анан парламентти кантип коргомок эленер.
+1
Suzak12
2019-06-24 11:26:57
Apyn8793,Менин оюмча элим жерим деген саясатчы абакта С Жапаровтон башкасы баары эле жемкор азыр отургандар.Пайдасы жок 120 депутаттын эмне кереги бар бизге.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан