Чолпон-Ата шаарында таэквондо боюнча Азия чемпиондугу өтөт

26-июндан 30-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында таэквондо боюнча ачык чемпиондук өтөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Ачык чемпиондук менен Азия кубогунун алкагында 500 комплект медаль ойнотулат.

Спорттук мелдештерде өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор өз күчүн сынашат. Ага Кыргыз мамлекетинен сырткары 21 өлкөнүн спортчулары катышат. Иш-чараны өткөрүүгө спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 3 миллион 396 миң сом каражат бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан