23-июлда Жети-Өгүз районунда жол кырсыгына кабылган кичи автобустун техникалык абалы оӊ болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. “Жакында эле авто-техникалык экспертизанын жыйынтыктары чыкты. Ага ылайык, кырсык катталган учурда кичи автобус техникалык жактан оң абалда болгон. Мындан улам негизги айып айдоочуга карата айтылып жатат. Эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз,- деди ал. Эске салсак, 23-июль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 15 жүргүнчү каза болгон.