Америка Кубогунун үчүнчү турунда футбол боюнча Аргентина курама командасы Катарды 2:0 эсеби менен жеңип алды. Алгачкы голду беттештин төртүнчү мүнөтүндө Лаутаро Мартинес жаратса, экинчи голду 82-мүнөттө Серхио Агуэро киргизди.
Бул аргентиналык футболчулардын турнирдеги алгачкы жеңиши. 4 упай алган команда В тайпасында экинчи орунду ээлеп плей-офф баскычына чыкты. Тайпада биринчи орунду Колумбия 9 упай менен ээледи. Парагвай 2 упай, Катар 1 упай алышты. Үчүнчү турда Колумбия курамасы Парагвайды 1:0 эсеби менен жеңди.
Учурда Америка Кубогунда чейрек финалга жолдомо алган 8 команданын 7өө белгилүү болду. Алар: Бразилия, Венесуэла, Колумбия, Чили, Аргентина, Перу жана Уругвай.
Тайпалык оюндар 25-июнь күнү жыйынтыкталат.