Гүлнора Каримова өзбек элинен кечирим сурады

Өзбекстандын туңгуч президентинин небереси, Гүлнора Каримованын кызы Иман Каримова Инстаграмдагы баракчасына апасынын кайрылуусун жарыялады.

"Бул менин 6 жыл аралыгындагы биринчи кайрылуум. Бүгүнкү абалыма кабатыр болуп, дуба кылгандарга ыраазычылык билдирем. Элден, мен туш болгон көйгөйүмдү сыйлагандардан көңүл калтырууга алып келген иштер үчүн кечирим сурайм. Прокуратура мамлекет тарабынан кайтарылып алынган каражаттардын так эсебин дале айта албай турганын билдиргени менен, маалымат үчүн айтып койгум келет. Ушул убакка чейин Өзбекстандын аймагындагы жеке активдерим менин менчигимден чыгып, республиканын бюджети үчүн иштеп жатат. 1,2 миллиард доллар суммасындагы каражат түшкөнү тергөө учурунда далилденди", - деп айтылат Гүлнора Каримованын кайрылуусунда.

Мындан сырткары ал Өзбекстандын укук коргоо органдары менен тергөө алкагында биргеликте иштешип жатканын кошумчалаган.

2015-жылы Ташкентте сот Гүлнора Каримованы салык төлөбөгөндүгү үчүн күнөөлүү деп тапкан. Ал Өзбекстанга келтирген зыяндын суммасы 1 триллион 270 миллиард 200 миллион сум, 1 миллиард 651 миллион 800 миң доллар, 26 миллион 100 миң евро деп айтылат маалыматта. Жалпы суммада ал Өзбекстанга 3,7 триллион сум зыян келтирген.

Гүлнора Каримовага 2017-жылы декабрь айында уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин жаза өтөө мөөнөтү 5 жылга кыскартылып үй камагына алынган. Бирок ал үй камагында экенине карабай Дубайга барып келди деген негизде март айынын башында камакка алынды.

Гүлнора Каримова өзбек элинен кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
warcaw
2019-06-24 16:51:42
Тилиң сынып калайын дейт го сумун окуп бүткүчө...
+5
Kulatov
2019-06-25 10:36:32
Кана эми биздин жегичтер да бирөөсү ушинтип кайтарып берсе карызыбыздан кутулуп алмакпыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан