Орусияда 19 жаштагы кыз сууга чөгүп бараткан 3 баланы сактап, өзү каза болуп калды

Орусиядагы Вологда шаарынын тургуну сууга чөгүп бараткан 3 баланы сактап, өзү каза болуп калды. Окуя Кубенсктеги көлдө болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

19 жаштагы Елизавета Дружинина 12, 9 жана 7 жаштагы туугандары менен көлгө барган. Балдар сууга түшүп жатып бир мезгилде чөгүп баштаган. Елизавета Дружинина аларды суудан жээкке алып чыккандан кийин өзү чөгүп кеткен. Жерине куткаруучулар келип, суудан кыздын жансыз денесин алып чыгышкан.

Каза болгон кыз Вологдадагы университеттин филология факультетинин студенти болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sultanim
2019-06-24 10:44:01
Шейит кетиптир
-3
Azatbek.Svoboda.
2019-06-24 17:48:54
Sultanim,Сарказм беле?
0
Kuba-savai87
2019-06-24 16:01:52
Кандайча болуптур тагыраак малымат бергилечи? Жээке учоону алып чыгып анан озу чогуп кетти. эмнеге? Жээкте чункур бар бекен
-2
boris8907
2019-06-24 18:51:29
Kuba-savai87,сен бирөөнү жээке алып чыгып корсон билесин
+2
warcaw
2019-06-24 16:53:55
Ошол нерсени мен көп жолу ойлоном эч эле таппайм,бирөөнү куткарып өзү кантип чөгүп кетиши мүмкүн...
-3
Azatbek.Svoboda.
2019-06-24 17:48:40
warcaw,башына тушсо билет элен!
0
warcaw
2019-06-24 19:24:29
Azatbek.Svoboda.,сенин башыңа келген беле не...
-2
Djumahmatov
2019-06-25 16:51:14
warcaw,бирөө чөгүп жатса куткаруу үчүн туз сүзүп барбаш керек жан Ширин ал коркуп калган учурда сени кармап өзү чыгып кетүүгө арекет кылат наборот сени чөктүрүп жиберет ошон үчүн куткаруу үчүн артынан айланып өтүп бир кол менен кучакташ керек экинчиси менен сүзүш керек
0
baktybek90
2019-06-24 20:25:12
Сууда коп сузгондо адам дын кучу кетип алсырап сузо албай калат ошондо чогот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан