23-июнь күнү Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна 16 жаштагы кыз түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 19:00 чамасында "12 каминов" эс алуу комплексине жакын жерде болгон. Өспүрүм кыз суунун жээгинде сүрөткө түшөйүн деп жатып, сууга агып кеткен. Кызды издөөгө 5 куткаруучу тартылып түнкү саат 11:40ка чейин издешип, тилекке каршы, табышкан эмес.
Издөө иштери улантылууда деди мекеменин маалымат кызматы.