Бүгүн, 24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында жарылуу болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ок дарылар сакталган кампа жарылган.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эртең мененки саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде болду. Окуя болгон жерде 8 өрт өчүрүүчү машина, 30 өрт өчүрүүчү кызматкер иштөөдө.