"Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын жетекчиси: "Өткөн жылы өлкөдөн 221 миллион долларды түзгөн товар экспорттолгон"

Бүгүн, 24-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйналышы өтүүдө. Жыйындын жүрүшүндө өнөр жай, жеңил өнөр жайды, айыл чарбаны кайра иштетүү жана өнөр жайды өнүктүрүү келечеги жана бүгүнкү абалы талкууланууда.

"Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асановдун айтымында, жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө чечилбеген көйгөйлөр көп.

"Өткөн жылы өнөр жай ишканалары тарабынан өлкөгө 127,8 миллион сом салык төлөнүп, өлкөдөн жалпы суммасы 221 миллион долларды түзгөн товар экспорттолгон. Азыркы тапта бул тармакты өнүктүрүү жана инвесторлорду тартууга багытталган бир катар долбоорлор иштелүүдө.

Март айынан тарта Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө акча которууда чек коюлуп калган. Ага ылайык, 1 айда бир жаран 100 миң рубль гана которууга уруксат берилип калган. Бул жагдай ишкерлик жүргүзүүдө терс таасирин тийгизүүдө. Мындан сырткары Казакстанга өтүүдө чек арада текшерүүлөр катаалдашып, ишкерлер үчүн бир катар кыйынчылыктар жаралды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан