Кыргыз Премьер-Лигасы: "Алай" "Дордойдон" 6 упайга ашты

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - Кыргыз Премьер-Лигасында 22-23-июнь күндөрү 11-турдук оюндар жыйынтыкталды.

Мелдештин расмий сайты билдиргендей, оюндар Кант, Кочкор-Ата жана Кара-Балта шаарларында болуп өттү. Чемпиондуктун лидери "Алай" "Акадлемия-Лидер" командасын конокто 3:1 эсебинде жеңип алды. "Илбирс" командасы Кочкор-Ата шаарында "Нефтчини" 3:1 эсебинде утса, "Абдыш-Ата" конокто "Кара-Балтаны" 1:0 эсебинде жеңди.

Бул турдун оюнун "Дордой" менен "Алга" апрель айында ойноп коюшкан. Анда 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

22-июнь.

"Академия-Лидер" - "Алай" - 1:3

Голдор: Талантбеков (14-мүнөт) - Ахматалиев (28-мүнөт), Субанов (33-мүнөт), Кельм (78-мүнөт).

"Нефтчи - "Илбирс" - 1:3

Голдор: Алимов (31-мүнөт) - Нусубалиев (4-мүнөт), Данияров (39, 74-мүнөттөрдө).

23-июнь.

"Кара-Балта" - "Абдыш-Ата" - 0:1

Гол: Жумалиев (88-мүнөт)

Турнирдик жадыбал:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2019-06-24 16:26:22
Дордойдон Алай ашты деп тимле. Дордой эмне Салымбековдун акчасынын күчү менен судяларды сатып алып эптеп жүрүшөт да. Ар бир оюнда көрүп эле жүрөбүз судялар көз көрүнөө эле Дордойго тартышат азия чемпионатында кытай судясындай болуп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан