Советтик жана орусиялык актёр Андрей Харитонов узакка созулган оорудан улам көз жумду. Ал 59 жашта эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, актёр акыркы жылдары онкологиялык оору менен күрөшүп келген. Ага ашказан рагы деген диагноз коюлуп, актёрго 6 ирет операция жасалган.
Андрей Харитонов "Овод" тасмасында башкы ролду жараткандан кийин атактуулукка жеткен. Андан кийин "Звезда и смерть Хоакина Мурьеты", "Человек-невидимка" аттуу тасмаларга тартылган. Бирок 2014-жылдан кийин тасмаларга тартылбай, эл алдына да чыкпай калган.
Анын өлүмү тууралуу режиссёр Виталий Манский "бул сүрөттү мен 40 жыл мурун "Овод" тасмасын тартуу учурунда тарткам. Биз анда Андрей менен жаңы таанышкан элек. Ошол тасмадан кийин ал чыныгы жылдызга айланды. Андан кийин жарака пайда боло баштады. Тилекке каршы, ал дээрлик унутулган бойдон дүйнөдөн кайтты. Жашоо ушундай.." деп жазып актёрдун жакындарына көңүл айтты.
Андрей Харитоновдун сөөгү Киев шаарында жерге берилерин маркумдун аялы Ольга Смирягина маалымдады.