Интернет айдыңына 1 күндө канча деген видеолор жүктөлүп тарайт. Алардын айрымдары гана эл арасында талкуу жаратып, популярдуулукка жетет. Кечээ Инстаграм социалдык тармагында "40 жашында жаштардан өтүп бийлеген киши" деген аталыштагы видео тараган. SUPER.KG бул видеонун каарманы Алтынбек Деванаев менен азын-оолак маек курду.
- Алгач эле суроо интернетке тарап кеткен видеоңуз тууралуу болсун. Кайсыл жактан жана эмне болуп тартылып калды?
- Бул видеону жүктөп жатканда эл арасына мынча тарап, талкууга алынат деп эч ойлогон эмесмин. Мен бийлеп жаткандагы видео үйдөн тартылган. 36 жаштамын, 3 кыздын атасымын. Кыздарымдын улуусу бий ийримине барат. Кечки тамактануудан кийин кызым "ата, сиз окуучуларыңыз менен ар кандай иш-чараларда бийлейсиз, биз менен деле бийлеңизчи" деп калды. Мындан улам музыканы коюп бийлеп баштаганымда кызым видеого тартып коюптур. Тартылган видеону Инстаграмдагы баракчама жүктөп койгом, ал жактан бирөөлөр алып таратып ийишиптир.
- Жашоодо да видеодогудай позитивдүү адамсызбы?
- Мен Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинде кыргыз тили жана адабият сабагынан билим берип эмгектенем. Окуучуларым, кесиптештерим уюштурган ар бир иш-чарага активдүү катышам. Ырдаганды, бийлегенди жакшы көрөм. Ар кандай видеолорду тартып, социалдык тармактагы баракчама жүктөп турам.
Алтынбек Деванаевдин айтымында, адам канча жашка келбесин өзүн ар дайым жеңил жана көтөрүңкү маанайда алып жүрүшү керек. Ырдап, бийлеп турса адамдын күнүмдүк турмушуна аз да болсо шаң кошуп турат. "Позитивдүү агай" атка конгон Деванаев көптөгөн республикалык жана облустук сынактардын жеңүүчүсү болгон. Окуучулары агайы мыкты гана билим бербестен аларды дайыма колдоп, сунуштарын четке какпай, айткан иш-чараларына катышып келгендигин баса белгилешет.