Испаниялык "Барселона" клубу Лионель Мессини туулган күнү менен куттуктады. Бүгүн, 24-июнда "Барселона" жана "Аргентина" курама командасынын капитаны 32 жашка толду.
"Биз сени кичинекей кезиңен баштап чоңойгонуңа чейин көрдүк. Сенин атың стадиондо жаңырып турду. Мыкты футболчу, туулган күнүң менен!" - деп жазды "Барселонанын" расмий сайты.
5 жолку "Алтын топтун" ээси Месси "Барселонада" 2003-жылдан тарта ойноп келет. Бул арада Испаниянын чемпиондугун 10 жолу жана Чемпиондор Лигасын 4 жолу багынткан.