Ысык-Көлдө кум үстүндөгү волейбол боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

Ысык-Көлдө 25-июндан 1-сентябрь аралыгында кум үстүндөгү волейбол боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргыз өлкөсүнүн 5-чемпиондугу өтөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, чемпиондук 3 турга созулат.

Чемпиондуктун 1-туру 25-июндан 28-июнга чейин, 2-турдук оюндар 23-июлдан 26-июль аралыгында жана 3-тур 29-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Оюн Чолпон-Ата шаарында болот.

Чемпиондукка бардык облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан