Жалал-Абадда 35 жаштагы эркек киши өзүнө-өзү бычак сайды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 35 жаштагы эркек киши өзүнө-өзү бычак сайган.

Маалыматты облустук милиция тастыктап, окуя тууралуу буларды билдирди:

"Окуя 9-июнь күнү Аксы районундагы айылдардын биринде катталган. Анда 35 жаштагы эркек киши өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, оң капталына бычак сайган. Ага 4 саат операция жасалып, дарыгерлер аман алып калышкан. Ошондой эле жакындары эч кимге доо арызы жок экенин билдирди. Жабырлануучунун абалы жакшыргандан кийин суракка алынат", - дейт басма сөз кызматы.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өзүн-өзү өлтүрүү" беренеси менен катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
farida.kg.1991
2019-06-24 23:58:07
Кудай деп эле ыссык чайды ичип кураан окуп отурбайбы уйундо телевизор коруп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан