Жарылуу орун алган Казакстандын Арыс шаарынын тургундары башка аймакка көчүрүлдү. Өлкө башчысы окуя болгон жерге учуп кетти

Бүгүн, 24-июнда эртең менен жарылуу орун алган Казакстандын Арыс шаарынын тургундары башка аймакка көчүрүлүп, шаар толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев Казакстандык басылмаларга билдирген.

"Кырсыктын кесепетинен 31 киши жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. 1 кишинин унаасына жарылуучу зат тийип каза болду", - деп айткан облус башчысы.

Түркстан акими жарылуулар дагы бир канча күнгө уланышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ал эми өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасына окуя менен жеринен таанышуу жана керектүү жардамдарды көрсөтүү үчүн Арыс шаарына учкандыгын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан