Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында белгилүү обончу жана аткаруучу Калмурат Рыскуловдун бюсту орнотулуп, ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдирди.
Маалым болгондой, 23-июнь күнү аталган айылдын тургунунун демөөрчүлүгү менен Калмурат Рыскулов атындагы айылдык клубдун алдына обончунун бюсту орнотулду. Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Токтобек Асаналиев, манасчы Рыспай Исаков, акын Мирлан Самыйкожо жана жергиликтүү тургундар катышкан. Салтанаттын жүрүшүндө обончуга багышталып куран окулуп, анын өмүрү, чыгармачылык жолу туурасында баяндама жасалып, обончуга таандык чыгармалар аткарылган.
Обончу Калмурат Рыскулов 1974-жылы 18-октябрда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. 1991-жылы орто мектептин аттестатына ээ болгондон кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. 1992-жылы 1-курста окуп жүргөндө акын Сооронбай Жусуевдин "Кыялды кантип тыямын" аттуу ырына обон жараткан. Ошондон баштап "Оо, анда көктөм эле", "Ат-Башым", "Өмүрдөгү бийиктик", "Өкүт ыры", "Ата Журт", "Боогачың сенин болоюн" жана башка 50гө жакын ырларга обон жараткан. Обончу 2004-жылы 3-ноябрь күнү каза болгон.
Замандаштарынын эскерүүсүндө Калмурат Рыскуловдун көзү тирүү болгондо дагы көптөгөн элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан обондорду жаратмак.