Эл аралык олимпиадалык комитет Лозанна шаарында өткөн 134-сессиясында 2026-жылы Кышкы Олимпиада оюндарынын борборун аныктады.
Оюн өткөрүүгө талапкер шаарлардын арасында Италиядагы Милан (Кортина-д’Ампеццо менен биргеликте) жана Швециянын борбору Стокгольм (Оре шаары менен биргеликте) болду. Эл аралык комитеттин президенти Томас Бах Олимпиада Италияда өтө турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кортина-д’Ампеццо шаарында 1959-жылы Олимпиада оюндары орун алган. Ал эми Стокгольмдо 1912-жылы жайкы Олимпиада оюндары, 1956-жылы Мельбурн оюндарынын бир бөлүгү өткөн. Кышкы Олимпиада оюндары 2026-жылы 6-февралдан 26-февралга чейин болот.