Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогунда чейрек финалга чыккан бардык командалар белгилүү болду. 25-июнда С тайпасындагы оюндар жыйынтыкталып, аталган тайпадан Чили менен Уругвай плей-оффко жолдомо камсыздашты.
Турнирге конок катары чакырылган Япония менен Катар мелдештен четтеп калышты.
Чейрек финалдагы жуптар:
Бразилия - Парагвай
Венесуэла - Аргентина
Колумбия - Чили
Уругвай - Перу
Плей-оффтук оюндар 28-июндан тарта башталат.