"Рокки", "Рэмбо" жана башка тасмадагы ролдору менен белгилүү болгон америкалык актёр, продюсер Сильвестр Сталлоне сынга кабылды. Тагыраагы, актёр менен сүрөткө түшкүсү келген күйөрмандары 1082 доллар акча төлөшү керектигин чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Сильвестр Сталлоне Лондон, Манчестер, Бирмингемде өтө турган "An Experience with" иш-чарасына чакырылган. Анда актёр маалымат каражаттарына маек берип, күйөрмандары менен сүрөткө түшүүсү пландалган. Ошондой эле актёрдун бир нече буюмдары аукционго коюлары айтылган.
Бул күнү Сильвестр Сталлоне менен сүрөткө түшүүнү каалагандар акча төлөшү керек. Көрсөтүлгөн сумманы төлөгөн күйөрмандар 10 жолу сүрөткө түшө алат. Иш-чаранын уюштуруучулары белгилүү жылдызды Британияга алып келүү кымбатка турарын, мындан улам каражат аларын айтышкан.