Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көз жарган 15 жаштагы кыз милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөдө шектүү катары суракка алынып жаткан кыздын кошунасы наристе анын баласы экенин моюнга алган. Ал эми кыз дагы бул ишке өз каалоосу менен барганын айтып, арыз жазуудан баш тарткан.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15 жаштагы кыз 6-майда көз жарган. Учурда бул окуяга шектелип кыздын кошунасы сурак берип жатат.